Биз менен байланышыңыз

Актер Тилек Жумагазиев операцияга муктаж

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 1175 | 0

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру Тилек Жумагазиев ооруга кабылып, элдин жардамына муктаж. Мындан улам актердун кесиптештери элге видео кайрылуу жасашты. Тилек Жумагазиевдин боорун алмаштыруу үчүн операция жасатканга каражат керек.

«Элибиздин мыкты актеру, таланттуу инсан Тилек Жумагазиев сыркоолоп турат. Кагылайын калдайган калың журт, сиздерден жардам болот деген чоң үмүтүбүз бар. Кыйын күндөрдө кыргыз бири-бирине көмөк берип келген. Талантты баалай билген элибиз жардам берет деп ишенебиз», — деп айтылат кайрылууда.

Тилек Жумагазиевдин ден соолугуна кайдыгер карабаган кайрымдуу жарандар төмөндөгү реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсөңүздөр болот.

Банк счет: 1280190000028741

Элсом: 0555 45 73 96

Copyright © 2017 Maral FM