Биз менен байланышыңыз

Орусияда мекендештер үчүн концерт коюлат

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Москва шаарында Кыргызстан-Орусия кайчылаш жылына карата уюштурулган иш-чаралардын расмий ачылышы өтөт. Ага эки өлкөнүн президенттери катышат. Маарекенин алкагында Орусияда жүргөн мекендештерге концерт тартууланат. Ушундан улам, Кыргызстандан 200 маданият кызматкери Орусияга барат. Учурда чыгармачыл топ кызуу даярданып жатат. Кайчылаш жылдын алкагында бир катар көргөзмөлөр, мастер класстар да каралган.


Кыргызстан-Орус кайчылаш жылына карата эки мамлекеттин ортосунда маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралар уюштурулат. Тагыраагы, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, жарманкелер, эки өлкөнүн кино жумалыктары өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кайчылаш жылга пландалган иш-чаралардын расмий ачылышы 2020-жылдын февраль айына пландалган. Мосвка шаарында өтө турган салтанатка эки өлкөнүн президенттери катышары күтүлүүдө.

— Чыгармачыл топ 2 күндүк концерт берет. Биринчи күн менен гана чектелбей мекендештер үчүн да концерт коюу пландалды. Андан тышкары Опера балет театры улуттук балетти Орусия Федерациясына алып чыгат. Биздин сүрөтчүлөр Москва жана Санкт-Петербург шаарында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштурушат. Мындан сырткары музейлердин кээ бир алтын фонддору Орусияга барып, жарманкелерди өткөрүшөт. Ошондой эле алардын да көрүнүктүү музейлери Кыргызстанга келип, жарманкелерин уюштурушат. 

Учурда маданий мекемелерден тандалып алынган аткаруучулар концертке даярдык көрүп жатышат. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов концерттик программа тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:

— Биздин солисттер Москванын теартрынынын оркестрлери менен номерлерди аткарышат. Андан тышкары Бишкек шаарынын эл аспаптар оркестри,  фольклордук топтор, солисттер жана драмалык артисттер да барышат. Учак билеттерин Маданият министрлиги каржылайт. Ал эми Орусиядагы чыгымдарды орус өкмөтү көтөрөт. «Манас ордосунда» деген темада пролог жасалат. Эки мамлекет чогуу ойногон номерлерди даярдап, макулдашып жатабыз. Орусиядагы жердештер үчүн да өзүнчө программа даярдап жатабыз. Ал 18-19-февралда болмокчу. 

Министрликтин маалыматына ылайык, кайчылаш жылдын алкагында Орусиянын эстрада жылдыздары Кыргызстанда, ал эми кыргызстандык артисттер Орусияда концерт коюшат. Эстрада ырчысы Омар Жанышов иш-чарага башка улуттун өкүлдөрү да катышып калса, аларга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн концертке мыкты ырчылардын тандалуусу керек экендигин белгиледи:

—  Маданият министри  эстрада ырчыларына мүмкүнчүлүк түзүп бере турган болсо, өтө жакшы иш-чара болот. Себеби өсүш ошондон болот. Алсак, Кремлге барып концерт коюп, ырларыбызды башка жерде аткарууга чоң мүмкүнчүлүк жаралмак. Бирок бюрократия болуп, «бул документти бүтүрүш керек» деп же болбосо «наамы бар ырчылар гана барат» десе, анда башкача иш болуп калат. Бул бардык ырчыларга тиешелүү болбой калат. Министрлик концерттик программасын карап, сунушун берип, биргеликте өткөрүлсө, концерт мыкты деңгээлде болот.  

Мындан сырткары, эки өлкөнүн театрлары бири-бирине гастролдоп барышат. Кыргызстандагы регионалдык театрлар да Орусиядагы гостролдорго чакырылып, мыкты маданий кызматкерлер тандалып алынат. Ошондой эле китепканалардын ортосунда да иш-чаралар каралган. Орусиянын көрүнүктүү актёр, режиссёрлору Кыргызстанга келип мастер класстарды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова мындай саамалыктар эки элдин достугун бекемдөөгө, өнөрпоздор ортосунда тажрыйба алмашууга зор салым кошорун айтат:

— Эки элдин катышы маданият, спорт аркылуу ар дайым биримдикти камсыз кылып келген. Биз Орусия менен сөзсүз түрдө ынтымакта жашашыбыз керек. Анткени 1 миллионго жакын мекендештерибиз Орусияда эмгектенишет. Ушундан улам эки элдин ортосундагы достук ар дайым бекем болушу зарыл. Бирок сырттан уюштурулган иш-чаралар Ош менен Бишкек шаарында гана өтүп, аймактар калып калат. Саамалыктарды 7 дубанда уюштурушса, ийгиликтерди жаратмак. 

Азамат Жаманкулов буга кошумча туризмди өнүктүрүү багытында маалыматтык турлар уюштуруларын кошумчалады:

— Москвада өтө турган жарманкеге биздин туристтик операторлор катышат. Ал эми Ысык-Көлдөгү жарманкелерге алардын туристтик операторлору келишет. Андан сырткары эки өлкөнүн туристтик потенциалын көрсөтүү үчүн ММК өкүлдөрү келип, КР тууралуу ири репортаждарды жасап көрсөтүшөт. Биздин журналисттер да Орусияга барышат. Башкача айтканда, медиа турлар уюштурулат. 

Белгилей кетсек, кайчылаш жылга арналган маданий иш-чаралардын жабылуу аземи күз айларына пландалган. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышат.

Copyright © 2017 Maral FM