Биз менен байланышыңыз

«Маданий уюмдар, бирикмелер өзгөрүшү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 519 | 0

Маданий уюмдар, бирикмелер өзгөрүшү керек. Анткени коронавирус коомдогу маданиятты кескин түрдө өзгөрттү. Маселен, адамдар мурдагыдай чогуу музейге же театрга бара албай калды. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын баамында, маданий уюмдар коомго таасир этүү жаатында акыл калчап, маданият ишмерлеринин катышуусунда жаңы стратегия иштеп чыгышы зарыл.

Пандемия дүйнөнү өзгөрттү. Демек, адам баласы да өзгөрүшү керек, өзүнүн жаңы чыйырын, ордун, жумушун табууга аргасыз. Антпесе, керексиз болуп калат.

«Бул — татаал маселе, бирок чечилгис катары карабоо зарыл. Адамга акыл-эс, аң-сезим берилген, жашоо уланууда, өмүр алына элек. Демек, башка жолдорду издешибиз керек. Театр, оркестр, опера кийинчерээк пайда болгон. Алардын башка кубулуштары болушу мүмкүн. Андыктан, акыр замандын белгиси катары карабастан, жаңы багыт, өнүгүү катары кароого болот», — дейт Айтпаева.

Copyright © 2017 Maral FM