Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда президенттик шайлоо аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 979 | 0

11-октябрда Тажикстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода маалымдады.

Анын айтымында, шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталган эмес. Өлкө боюнча шайлоо тилкелери саат 6:00дө ачылып, 20:00дө жабылды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 70,7 пайызы добуш берген. Мыйзамга ылайык, тизмедеги шайлоочулардын 50 пайыздан көбү добуш бергенде шайлоо өттү деп эсептелет.

Тажикстан Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө 4 900 545 адам добуш берүү укугуна ээ. Алардын бир бөлүгү Орусияда жана Казакстанда миграцияда жүрөт.

Тажикстанда 3 375, чет өлкөлөрдө 39 шайлоо тилкеси уюштурулган. Президенттик шайлоонун жүрүшүнө дүйнөнүн беш өлкөсүнөн, алты эл аралык уюмдан, сегиз элчиликтен келген 145 байкоочу көз салып турду. Алардын арасында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун 7 байкоочусу бар.

Президенттикке беш талапкер ат салышты:

  1. Көз карандысыз профсоюздар федерациясы, «Жаштар биримдиги жана Элдик-демократия» партиясынан учурдагы президент Эмомали Рахмон
  2. Агрардык партиядан Рустам Латифзода
  3. «Социал-демократтар» партиясынан Абдухалим Гаффорзода
  4. «Экономикалык реформалар» партиясынан Рустам Рахматзода
  5. Коммунисттик партиядан Миродж Абдуллоев

Эмомали Рахмон 1994-жылдан бери өткөн шайлоолордун баарында жеңишке жеткен. 2016-жылы 4-февралда Тажикстандын Жогорку соту Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамдуу деп тапкан. Ага ылайык, президент Эмомали Рахмон шайлоого чектөөсүз катышууга укук алган.

Шайлоого негизинен бийликчил партиянын өкүлдөрү катышты. Өзүн оппозиция катары тааныштырган «Социал-демократтар» партиясы бул шайлоого бойкот жарыялаган.

Чет өлкөлөрдө жүргөн оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоону «мыйзамсыз» деп аташып, эл аралык уюмдарды анын жыйынтыгын тааныбоого үндөштү.

Тажикстан: Эмомали Рахмон 90% добуш менен жеңип чыкты

Copyright © 2017 Maral FM