Биз менен байланышыңыз

Европада экономикалык өсүш байкалган жалгыз өлкө аталды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 325 | 0

Сентябрь айында Европа аймагында экономикалык өсүш боюнча эң жогорку чекти көрсөткөн жалгыз өлкө Германия болду. Буга мамлекеттин Европанын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, туризмди эмес, экспортту колдоого алганы себеп болгон.

«Bloomberg» маалымдагандай, Европада коронавирус кайрадан күчөп, айрым өлкөлөрдө көңүл ачуучу жайлар, барлар жана ресторандар жабылып жатат. Мындан улам саякаттоо үчүн чектөөлөр киргизилүүдө.

Франция үчүн бул жеке сектордогу өндүрүштүн кыскарганын билдирет, ал эми Италияда өндүрүш токтоп калган.

Дүйнөлүк сооданын өсүшүндө пандемиядан чыгып, экспортко басым жасаган Германия жеңишке жетүүдө. Ал ортодо Европа Биримдигинин түштүгүндөгү өлкөлөр артта кетип жатат, анткени алардын экономикасы туризм жана кызмат көрсөтүү тармактары менен тыгыз байланышкан.

Пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн дал ушул тармактар ​​эң көп жабыркап, оорулар көбөйгөн сайын «чөгүп» баратышат.

Экономисттер 2020-жылдын IV кварталында ЕБ экономикасы кайрадан төмөндөй турганын болжолдошууда.

«Көп нерсе коронавирустун экинчи толкунун канчалык деңгээлде башкара аларыбыздан көз каранды», — дейт экономист Крис Уильямсон.

Copyright © 2017 Maral FM