Биз менен байланышыңыз

Орусияда бир суткада дээрлик 8,5 миң адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2020 | 416 | 0

Орусияда акыркы суткага карата коронавирус инфекциясынын жаңы 8481 учуру катталды. Бул тууралуу ыкчам штабдын маалыматына таянып, жергиликтүү басылмалар жазды.

Жаңы катталган учурлар өлкөнүн 84 регионунан аныкталды. Анын ичинен 2170 учуру байланышта болгондордон чыккан.  Ошентип, Орусияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 1 млн 176 миң 286 учурга жетти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 46 миллиондон ашуун лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн, анын ичинде акыркы суткада 338 миң изилдөө жүргүзүлгөн.

Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 952 миңден ашуун бейтап айыгып, 20 миң 545 адам көз жумган. Учурда 219,7 миң адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Copyright © 2017 Maral FM