Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабахта кырдаал курчуду. Армения аскердик абал жарыялады

Кыска кабар | 27 Сен 2020 | 878 | 0

Армения бийлиги Тоолуу Карабахтагы окуяга байланыштуу өлкөдө аскердик абал жарыялады. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян билдирди.

Ал өзүнүн фейсбук баракчасына: “Өкмөттүн чечими менен Армения Республикасында аскердик абал жарыяланды. Чечим расмий жарыяланары менен күчүнө кирет. Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамына киргендерди өзүнүн аймактык аскердик комиссариатына чакырам,-деп жазган.

Өзүн эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах аймагында өткөн түнү ок атышуу болгон. 27-сентябрь күнү эрте менен Азербайжандын Коргоо министрлиги алардын аскерлерине жана бир катар айылга Армения тараптан минометтер менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ошондой эле 2 тик учак жана учкучсуз башкарыла турган техника жок кылынганын кабарлады.

Ал эми Армения бийлиги алгачкы сокку азербайжан тараптан болгонун айтууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча жарадар болгон жана каза тапкандар бар.

Эске салсак, 1988-жылы Тоолуу Карабах автономиялык облусунун Азербайжандан бөлүнүү аракетинен улам башталган Карабах чуусу алигүнчө токтой элек. 1991-жылкы куралдуу кагылыштардан кийин Азербайжан аймакка өкүмүн жоготуп, Тоолуу Карабах Республикасы(ТКР) түзүлүп калган. 1994-жылы Бишкекте өткөн тынчтык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык куралдуу кагылыштар соңуна чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө.  Бирок Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы мамиле дагы деле солгун бойдон келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM