Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Эрдоган менен коронавируска каршы бирге чара көрүү боюнча сүйлөштү

Кыска кабар | 24 Сен 2020 | 386 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча келечекке карай биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга карата биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM