Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылдык. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда билдирди. Президент өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн унаа инфратүзүмүн жакшыртып, унаа жана темир жол байланыштарын кеңейтип, авиаташуулар рыногун өнүктүрүп, соода-логистикалык хабдарды түзөрүн айтты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 24-сентябрда Бишкекте өткөн Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда айтты. Мындан сырткары өлкө башчы эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн алака түптөлүп, ийгиликтүү иш жүрүп жатканын белгиледи.
— Өлкөнүн транзиттик дараметин пайдалануу үчүн транспорт инфраструктурасын жакшыртабыз. Автомобиль жана темир жол байланыштарын кеңейтебиз, авиаташуулар рыногун өнүктүрүп, соода-логистикалык хабдарды түзөбүз. Инвесторлор кызыга турган чакан жана ири ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Туризм багытында да долбоорлорду чогуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык продукцияларды, анын ичинде этти, кургатылган жемиштерди, балды, жаңгак жана төө бурчакты экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. Алар Түркиянын рыногунда өз ордун табат деп ишенебиз.
Ал эми Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Кыргызстандан өндүрүлгөн төө буурчактын 90%ы Түркияга экспорттолуп жатканына токтолду. 2018-жылдын маалыматы боюнча, 3 миң тонна бал, 30 миң тонна пахта аталган мамлекетке экспорттолгон. Учурда айыл чарбаны өнүктүрүү багытында жаңы долбоор иштелип жатканын айтып, буларга токтолду:
— Негизи Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктардын көбү Түркия мамлекетине экспорттолот. Былтыр 600 тонна картошка жөнөткөнбүз. Быйыл андан да көбөйтүү планында турабыз. Түркиянын ири банкы биздин агроөнөр жай комплексин көтөрүүдө бир топ салым кошконго даярданып жатат. Бул — биз үчүн чоң жетишкендик. Эгерде банк биздин өлкөгө өзүнүн филиалын ача турган болсо, анда айыл чарба өнөр жайында чоң секириктер байкалат.
Чүй облусунун Военно-Антоновка айылына жакын арада кездеме токуган комбинат курулат. Мындай маалыматты Жеңил өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов билдирди. Бүгүнкү күндө аталган айылдан 41 гектар жер бөлүнүп берилип, курулуш иштерине даярдык башталган.
— Түркия текстиль өнөр жайы абдан өнүккөн мамлекеттердин сап башында турат. Бөтөнчө кездеме, фурнитура тармагы. Мына ушул багытта жаңы өндүрүш зоналарын куруу боюнча мамлекет тарабынан колдоолор болуп жатат. Ири өндүрүш зоналарын ачуу үчүн биздин ассоциацияга атайын жер бөлүнүп берилди. Бүгүнкү күндө трансформациядан өтүп, курулушка дайын болуп жатат. Түркиянын бизнесмендерине кездеме өндүрүп берип, алдыңкы жылдарда биргеликте иштешүү багытында сүйлөшүү жүргүзөлү дедик.
«Кыргызстанда инвестиция салуу үчүн шарттар жогорку деңгээлде каралган», — дейт «Бишкек Парк» соода борборунун менеджери Алихсан Атар. Ал өлкөнүн эң чоң көйгөйү катары Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу башка жактын маалыматынын жоктугун атады. Буга Түркиядагы көптөгөн бизнесмендер инвестиция салуу үчүн мамлекет таппай жүргөнүн мисал келтирип, эгерде ар тараптуу багытта иштер жүрсө, мамлекетибиз алдыңкы жылдары жогорку секирик жасарынан күмөнү жок экенин айтты.
— Кыргызстанга инвестиция салуу — абдан эффективдүү. Бардык шарттар каралган. Бийликтеги адамдардын да бул багыт боюнча ойлору түз. Бирок бул жерде башка маселе бар. Тилекке каршы, сиздердеги шарттар тууралуу башка мамлекеттердин маалыматынын жоктугу. Канчалаган бизнесмен жүрөт инвестиция сала албай. Эгерде Кыргызстан Түркияга абдан чоң иш-чара өткөрүп, өлкөнүн баалуулуктары тууралуу кеңири маалымат берип койсо, бул тарапка инвесторлор агылмак. Бир гана курулуш багытында эле эмес, завод, фабрика курууга мүмкүнчүлүк бар экенин да тастыкташ керек.
Белгилей кетсек, Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн доллардан ашык инвестиция салды. 2018-жылы Түркиядан 93 млн доллар инвестиция келген. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар алмашуу 400 млн долларды түзөт.
Кыргыз-Түрк бизнес форумунун алкагында Президент октябрда Азербайжан өлкөсүнө иш сапары менен бара турганын айтты. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкуулана турганын кошумчалады.