Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Вьетнамдын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 13 Сен 2024 | 141 | 0

Президент Садыр Жапаров Вьетнамдын президенти То Ламга «Яги» тайфунунун кесепетинен көптөгөн адамдын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Вьетнамда «Яги» тайфун апаатынан көптөгөн адам каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Жапаровдун көңүл айтуусунда.

Вьетнамда «Яги» тайфунунункесепетинен 200гө жакын адам каза болуп, 150гө жакын адам дайынсыз болуп жатканын, миңге жакын адам жаракат алганын эл аралык басылмалар жазууда. Ханойдун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлүп, тургундар эвакуацияланды.

«Яги» тайфуну – акыркы он жылдын ичинде Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң катуу тайфун болгону айтылууда. Шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин жеткен. Ал эми Вьетнамдын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жаандан улам жер көчкү жүргөн.

Ханой аркылуу агып өткөн Хонгха дарыясындагы суунун деңгээли жыйырма жылдагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Дарыянын жээгиндеги өнөржай ишканалары жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM