Биз менен байланышыңыз

Президент статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 476 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик статистика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда статистика органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Кыргызстандын улуттук статистика системасы калыптануусунда, өнүгүүнүн жана реформалардын татаал жана даңктуу жолун басып өтүүдөгү салымын белгилеген.

«Сиздердин ишиңиздердин негизги артыкчылыгы — Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө толук, ишенимдүү, илимий негизделген жана өз убагында берилүүчү расмий статистикалык маалыматтар менен коомду камсыздоо болуп саналат» , — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ошондой эле алардын алдыда жаңы милдеттер, расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу боюнча бардык иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган санариптик маалыматтык технологияларды ишке киргизүү жолу менен статистикалык системаны модернизациялоо процессин тездетүү керектигин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM