Биз менен байланышыңыз

Президент «Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү» мыйзамын артка кайтарды

Кыска кабар | 27 Сен 2021 | 480 | 0

Президент Садыр Жапаров «Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды.

Аталган мыйзамды экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров демилгелеп чыккан. 29-июлда Жогорку Кеңеш ал мыйзамды бир күндө үч окууда кабыл алып берген.

Бизнес өкүлдөрү, президентке караштуу Коррупцияга каршы кеңеш «Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү» мыйзамы жаңы коррупциялык тобокелчиликтерди жараткандыктан президентти бул мыйзамды артка кайтарууга чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM