Биз менен байланышыңыз

Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болду

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 1909 | 0

Бүгүн, 25-январда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинде турган Айгүл Айдаровага күбөлүк жана төш белги тапшырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарып, квота боюнча кийинки орунда турган Айгүл Айдаровага мандат берүү токтомун кабыл алган.

Айгүл Айдарова 1988-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. 2012-жылы Э. Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча, 2021-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетин да ушул эле адистикте аяктаган. Буга чейин Токмок шаардык милициясында жана Аламүдүн райондук милициясында тергөөчү болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM