Биз менен байланышыңыз

«CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында кандай иштер жүрүп жатат?

Маек | 28 мая 2021 | 6915 | 0

«CASA-1000» — Кыргызстан менен Тажикстандын Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо долбоору. Анын алкагында Кыргызстан аталган өлкөлөргө электр жарыгын сатып, киреше табат. Электр энергиясын Пакистан жана Ооганстанга экспорттоо үчүн жогорку вольттук электр линиясын алып өтүү пландалган. Линия Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусу аркылуу Тажикстан менен чек арага чейин өтөт. Аталган аймакта жайгашкан 77 айыл «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында чубалгылардын жакын жайгашкандыгына, калкынын жана айылдардагы жаштардын санына, ошондой эле жакырчылык көрсөткүчүнө жараша каржылык жардам алышат. Учурда «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоорунун алкагында кандай иштер жүрүп жатканы боюнча долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев менен маек курдук.

— Майрамбек мырза, аталган долбоор кимдерге багытталган? Окутуу, түшүндүрүү иштери кандай жүрүүдө? 

«CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоору негизинен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунда ишке ашырылат. Себеби жогорку чыңалуудагы электр энергиясы ушул облустардагы айылдарды аралап өтөт. Анан ошол жердеги айылдарда иш жасап жаткан учурда биздин эксперттерибиз туура, кенен маалымат бериши үчүн аймактык адистерибизди борбордон барган адистер Ош шаарында окутуп жатат. Андан тышкары долбоорду ишке ашыруу механизмдери, тапшырмалары жана максаты, сатып алуу, тандоо, каржылык башкаруу, мониторинг жана баалоо боюнча окуулар жүргүзүлүүдө.

— «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоору жергиликтүү тургундарга кандай колдоолорду көрсөтөт?

— Коомчулукту колдоодо эки долбоорду ишке ашырып жатабыз. Негизги долбоор «CASA-1000: Жергиликтүү коомдорду колдоо» долбоору. Экинчи долбоорубуз болсо, ушул долбоорго кошумча каржылоо. Негизги долбоордо 77 айылда 3 багытта иш алып барабыз: биринчи багыт, электр энергиясын жакшыртуу; экинчи багыт, ошол айылдарда социалдык инфраструктураны жакшыртуу; үчүнчү багыт, ошол айылдарда киреше алып келүүчү обьектилерди куруу, түзүү. Ал эми калган кошумча каржылоо Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы 150 айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Көбүнчөсү коронавируска байланыштуу аларды алдын алууга коргонуу каражаттарын сатып алуу, ооруканаларды оңдоп- түзөөгө багытталат. Бирок, алдын ала ошол жердин эң негизги муктаждыгы аныктап алып, мына ошолорду жакшыртууга жардам беребиз.

— Жогоруда айтып өткөн колдоо долбоорлору боюнча иштер качан башталат?

— Электр энергиясы боюнча «Ош электро», «Жалал-Абад электро» ишканалары менен биргеликте иш алып барып, жер-жерлерде электр энергиясын берүүнү жакшыртуу боюнча багыттарды тактап алдык. Учурда аны жакшыртууга керектелүүчү электр жабдуулардын, материалдардын тизмесин аныктап, тендердик иштер башталды. Кудай буйруса, мына ошол тендердик жумуштарды тартиби менен өткөрүп, «Ош электро», «Жалал-Абад электро» ишканаларынын кампаларына жеткирип беребиз. Алар биринчи этабын, күзгү-кышкы жумуштары башталганга чейин ремонт иштерин жасашы керек болот. Ал эми кошумча каржылоо долбоору боюнча райондук эксперттерибиз медициналык мекемелерди ремонттон өткөрүү жана башка көйгөйдүн баарын ар бир аныктап чыгышты. Азыр эми ошону айылдык аймактын деңгээлинде эл өзү эң керектүүсүн аныктап чыгат. Андан кийин биз аныкталган маселени ишке ашыруу үчүн акча бөлүп баштайбыз. Бул — жакынкы  1-2 айдын ичинде боло турган жумуштар. Бүгүнкү күндө бир топ иштерди аткарып койдук десем болот.

— Аймактарда көйгөйлөрдү аныктоодо жергиликтүү тургундар канчалык катышып жатат? Элдин талабы эске алынып жатабы? 

— Ар бир айылда айылдын онлайн-платформаларын түздүк. Бул деген — ар бир айылдын терезелери бар дегендик. Ал жакка маалыматты жайгаштырдык. Эл өзү маалыматты окуп көрүп, андан кийин өздөрүнүн көгөйлөрүн, сунуштарын онлайн-платформа аркылуу бизге жеткирип жатышты. Бул жерде баса белгилеп айта турган нерсе, онлайн-платформага чейин элдин көйгөйлөрүн аныктоо боюнча жасаган жумуштарыбызда Жалал-Абад облусунда 12 миң киши катышкан болсо, онлайн талкууда 50 миңден ашуун тургун катышып, ой-пикир, сунуш беришти.

— Майрамбек мырза, долбоор боюнча дагы эмнелерди кошумчалайсыз?

— Азырынча долбоор боюнча негизи маалыматтар — ушулар. Биз буга чейин да бир топ маалыматтарды бергенбиз. Мен ишенем, алдыда сиздер менен биргеликте дагы бир топ маалыматтарды беребиз. Долбоорго катышып жаткан айылдардын тургундарын активдүү катышып, көйгөйлөрү көз жаздымда калып кетпей, чечим кабыл алууларга жакшы катышууга чакырат элем.

— Маегиңиз үчүн рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM