Биз менен байланышыңыз

«Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жаңы коррупциялык тобокелчиликтерди жаратат»

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 637 | 0

Министрлер кабинети сунуштаган экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жаңы коррупциялык тоболкелдиктерди жаратып, президенттин саясатына каршы келет. Бул тууралуу президентке караштуу Коррупцияга каршы кеңеш билдирди.

Аталган кеңеш белгилегендей, бул мыйзам долбоорунун айрым нормалары президенттин бизнестин өнүгүшү үчүн жакшы шарттарды түзүү жөнүндөгү жарлыгына жана саясатына каршы келет.

Министрлер кабинети тарабынан салык ченин  жана салык салуу процедурасын өзгөртүү боюнча салык төлөөчүлөр үчүн киргизилип жаткан кошумча милдеттенмелер алардын негиздүүлүгү жана ачык-айкындуулугу боюнча суроо жаратат.

Ошондой эле мыйзам долбоорундагы «Саясий мүнөздөгү өзгөчө кырдаал» деген термин да түшүнүктүү эмес. Ал термин мыйзам актыларында так көрсөтүлбөгөндүктөн аны ар ким өз билгендей чечмелеп, мамлекеттик орган жана кызыкдар адамдар пайдаланышы мүмкүн.

Мыйзам долбоору өлкө экономикасына көп жагынан терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгондуктан жана аны шашылыш кабыл алуунун зарылдыгы болбогондуктан мыйзам долбоордун бизнестин ишине тийгизе турган таасирин баалап, бизнес менен талкуу уюштуруу керек.

«Кабыл алынып жаткан ар бир мыйзам экономиканын начарлашы эмес, өнүгүшү үчүн иштеши керек», — деп белгилейт кеңеш.

Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM