Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 28 Июл 2021 | 665 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралды.

Акылбек Жапаровдун айтымында, мындай сунуш киргизүүгө пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири себеп болду. Бул режим салыктардын өлчөмүн өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүүгө шарт түзөт.

«Биз элдин нааразы болуп митингге чыгышын күтүп отурбай эле алдын ала экономикага жөлөк боло турган чараларды көрсөк болот. Өтө зарыл учурда бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүн 10 пайызга чейин өзгөртүп, кийин оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуштап жатабыз», — деди Жапаров.

Экономикага өзгөчө кырдаал режимин үч айга киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорунун концепциясын Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM