Биз менен байланышыңыз

Эрдоган «террорчуга» жабышса да чөгүп кетти

Блог | 25 Июн 2019 | 690 | 0

Президент Тайып Эрдоган Түркиянын калкынын 20%ын түзгөн Стамбул шаарын оппозицияга 23-июнда экинчи жолу уттурду.

Мамлекеттик аппарат менен күчтүү ЖМКлардын дээрлик бардыгы Эрдогандын досу жана партиялашы Бинали Йылдырымды колдогонуна карабай, ал шайлоочунун 44 %ынын добушун гана алып, 53 % добушту Экрем Имамоглуна тарттырып ийди.

Экрем Имамоглу 31-марттагы шайлоодо 13 000 добуш көп алса да, Тайып Эрдоган «16 миллиондук шаарда 13 000 айырма эч нерсеге арзыбайт», — деп, мэрдин макамын Имамоглуна бердиртпестен, 23-июнда кайра шайлоо жарыялаткан.

Түркия экономикасынын үлкөн үлүшүн түзгөн Стамбул жөнүндө Тайып Эрдоган дайыма «Стамбулду уттурган Түркияны уттурат», — деп кайталап келген. Чын эле анын балдары, кыздары, күйөө балдарынын фонддору жана ЖМКлары Стамбул шаарынын акимиаттарынан жыл сайын миллиондогон лира жардам алып келет.

Ошондон улам Эрдогандын партиясы Стамбулдагы шайлоого «же бар болом, же жок болом» деп аттанган. Бул шайлоого мурун премьер-министрлик менен түрк парламентинин төрагалыгын аркалаган саясий лөк Бинали Йылдырымды аттандырышкан.

23-июндагы шайлоону Йылдырым алп, беш ай мурун эч ким тааныбаган жана Стамбулдун чакан акимиатын жетектеген Экрем Имамоглуна 800 миңден ашык добуш айырмасы менен уттуруп жиберди.

Серепчилердин жапырт ою боюнча, Тайып Эрдоган менен анын эң жакындарынын элди бөлүп жарып, бири-бири менен душмандаштырган заар тили утулуштун негизги себеби болгон.

Өзү жана партиясына моюн сунбаган киши менен тайпанын баарына «душман жана террорчу» тамгасын баскан Эрдогандын жийиркеничтүү тили салтуу колдоочуларынын да кыжырын келтирген.

Ал: «Ким оппозицияга добуш берсе, террорчуларга добуш берип жатканын билсин», — деп дөөрүгөнгө чейин жеткен. Айрыкча, түрмөдө жаткан күрт террорчуларынын башчысы Абдуллах Өжаланга Бинали Йылдырымды колдоо катын жаздырып, аны өз оозу менен жар салганы буга чейин Эрдоганды колдоп келген жүз миңдеген Стамбул тургунун биротоло чочуткан.

31-мартка салыштырмалуу 23-июнда кимдин ою кимге кеткенин анализдегенде, бул чочуу даана көрүнүп калган. Чөгүп бара жаткан Эрдогандын демократ эмес, торрорчу күрддөргө жабышканы тетири натыйжа берди. Өзүнүн АКП партиясы менен түрк улутчулдардын МХП партиясынын жүз миңдеген жактоочулары добуштарын Экрем Имамоглуна берүүгө мажбур болгон.

Буга чейин чет элдик жана көз карандысыз түрк серепчилери: «Мамлекеттин атынан террорчулук кылып жатат», — деп Эрдоганды айыптап келишкен. Түрк президенти бийликти колдон чыгарбаш үчүн №1-террорчу менен биригип кеткени, анын чыныгы жүзүн бүткүл дүйнөгө дагы бир ирет ачты. Мунусу менен Эрдоган баш болгон түрк бийлиги абакта жаткан жүз миңге жакын үй кожойкелерине, мектеп мугалимдерине, илимий ишкерлерге, жазуучуларга, молдокелерге, журналист менен адвокаттарга «террорчу» деп жалган жалаа жапканын дүйнөгө дагы бир жолу далилдеди.

Дүйнөлүк демократиялык масс-медианын ою:

The New York Times: Түкиянын президенти (Р.Т.Эрдоган) жаңыланган шайлоодо оор утулушка кабылды.

The Washington Post: Кайталанган шайлоодо оппозициянын талапкери утуп алганы Тайып Эрдогандын бийликтеги партиясынын айласын кетирип койду.

Reuters: Туркиянын оппозициялык партиясы мэрликти (Стамбулдун) утуп алуусу менен Эрдоганга оор сокку урду.

Deutsche Welle: Чыр-чатактын айынан кайталанган шайлоо президент Эрдогандын бийликтеги партиясына сокку урду.

ВВС: Бул шайлоо – мындан мурун «Стамбулду алган, Түркияны алат» деген Эрдогандын чегинүүсү.

The Guardian: АКПнын (Эрдогандын партиясы) Стамбулду ЖХПге (Имамоглунун партиясы) уттурганы президентти уятка калтырды.

Le Monde: Стамбул демократиянын кайтып келүүсүн майрамдап жатат.

 

Эсен Өмүракунов, «Саресеп» коомдук-аналитикалык сайты

Copyright © 2017 Maral FM