Биз менен байланышыңыз

Түркияда бороондон төрт киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 669 | 0

Түркиянын Стамбул шаарында катуу бороондун кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 38 адам жаракат алганын Haberturk агенттиги жазды.

Стамбулда катуу бороон жүрүп, шамал унааларды оодарып, электр зымдарын үзүп, имараттардын чатырларын учуруп кеткен.

Түркиянын коопсуздук кызматы катуу шамалдан улам Босфордогу кеме токтотулганын жарыялады. Ушул эле себеп менен Түрк аба жолдорунун бир нече учагы Стамбулга коно албай, Анкара менен Измирге жөнөтүлгөн.

Синоптиктердин айтымында, мыдай аба ырайы шейшембинин аягына чейин созулат.

Copyright © 2017 Maral FM