Биз менен байланышыңыз

Стамбудан келген 330 кыргызстандык үй карантинине жиберилди

Кыска кабар | 18 мая 2020 | 604 | 0

Кыргызстанга 15-майда Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келген 330 жаран бардык эрежелерди катуу сактоо талабы менен үй карантинине жиберилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында алардын арасында COVID-19 вирусу барлар аныкталган жок.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1216 адамга жетти. Алардын ичинен 827 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM