Биз менен байланышыңыз

Стамбулдан келген жаран карантинге алынды

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 1950 | 0

Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келген кыргыз жараны карантинге алынды. Бул тууралуу республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, бейтаптын дене табы көтөрүлүп, “Манас” аэропортунан түз эле ооруканага жеткирилген.

Аэропорттогу медиктер текшерүү учурунда дене табы жогору экендигин байкашкан. Негизи анын абалы туруктуу. Вируска дагы анализ алынды. Түркия коронавирус жайылган өлкөлөрдүн катарына кирбейт, бирок ага карабай бейтап обсервацияга жаткырылды, — дейт Гүлжигит Аалиев.

Япония, Корея, Иран жана Кытайдан келген жарандар Кыргызстанда сөзсүз түрдө карантинден өтүшөт.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө коронавирус жайылган өлкөлөрдүн саны 100гө жеткен. Дартка кабылгандар 110 миңге чамалады.

Copyright © 2017 Maral FM