Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Түркия ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга чейин жеткирүү пландалууда

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 412 | 0

Азыркы кезде Кыргызстан менен Түркия ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркияга болгон расмий сапарында президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусунда белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууларда кыргыз тарап Түркия менен соода-сатык байланыштарын өнүктүрүү, Түркияга айыл чарба өнүмдөрүн, айрыкча эт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, инвестиция жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери козголду.

«2018-жылы товар жүгүртүү көрсөткүчтөрү 394,5 миллион долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 10,8 пайыздан ашкан. Бирок, эки өлкөнүн парламенттери соода-сатык байланыштарыбызды мындан дагы ыкчам темпте өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек», — деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркияга болгон расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Copyright © 2017 Maral FM