Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Түрк элчисине байланыштуу эч кандай комментарий бере албайбыз

Кыска кабар | 13 мая 2019 | 1136 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын ооз ачар учурундагы аракетине байланыштуу видео интернет айдыңында тарады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги эч кандай комментарий бере албай турганын аталган министрликтин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев «Маралга» билдирди.

«Азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз. Бул боюнча маалымат бере турган болсок пресс-релиз таратабыз,»- деди Уланбек Дыйканбаев.

Женгиз Камил Фыратка байланышкан видео маалыматтык сайттарга чыгып кеткен. Анда элчи тарабынан «Түркия Кыргызстанга 35 млн. долларга мечит салып берди…», «Террорчу менен бир дасторконго отургуздуң…», Түркияны же терррорчуну тандагыла…”, «Мен үчүн Муфтият деген жок эми…», — деген сыяктуу нааразычылыктар айтылганын көрүүгө болот.

Түркиянын расмий бийлиги 2016-жылдагы төңкөрүш аракетин Фетхуллах Гүлен жасаганын айтып, президент Режеп Тайып Эрдоган аталган кыймылды «террордук» деп эсептеп, аны таанууга дүйнө коомчулугун чакырып келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM