Бишкектеги “Вефа” соода борборунун 50% акциясынын ээси “Аруу Жылдыз” Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги адилеттик издеп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Анткени коомдун мүлкү түркиялык “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коому тарабынан тартып алуу коркунучунда турат. Соттук иштер мындан дээрлик 1 жарым жыл мурда башталып, “Аруу Жылдыз” ЖЧКсы эки инстанцияда тең утуп алган. Бирок Жогорку сот маселени карап, кайра артка жиберген. “Аруу Жылдыз” экинчи айлампада да жеңип чыккан. Ал эми сот отурумдарына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат да катышкан. 20-февралда бул маселе кайрадан Жогорку Сотто каралат. Жабырлануучулар сот түркиялык ишкананын пайдасына чечим чыгарып коюусунан чочулап жатышат. Элчи сот отурумдарына катышууга укуктуубу? Кыргызстан ишкерлерге канчалык шарт түзүп, коопсуздугун камсыздап жатат?
“Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коом 2016-жылдын сентябрында Бишкек шаарындагы “Вефа” соода борборунун акцияларынын 50 пайызын сатып алып, иштетип келет. Бирок 2017-жылдын июль айында Түркия өкмөтү “Вефа” “Аруу Жылдызга” мыйзамсыз өткөрүлгөн деген жүйө менен сотко кайрылат. Ошол эле жылдын 12-июлунда соттук процесстер башталат. Маселе Бишкектин Биринчи май райондук жана шаардык сотто каралып, “Аруу Жылдыз” жеңип чыгат. Ага карабай түркиялык “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коому Жогорку Сотко даттанып, тийиштүү соттук коллегиясы эмнегедир ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жиберген. Бул тууралуу “Аруу Жылдыз” ЖЧКсынын юристи Людмила Горлова билдирди.
— Бардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде болгон. Борборду сатып алуу боюнча ишеним кат Түркиянын нотариусу тарабынын күбөлөндүрүлгөн. Түрк тараптын даттануусунан соң, биздин Юстиция министрлиги тарабынан тиешелүү документтер текшерилген. Эч кандай мыйзам бузуу аныкталган эмес. Жогорку Соттун кайра кароого жиберүүсүнүн себеби катары «Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү башкаруу жана тескөө” деген жерде ишеним кат туура эмес которулган. Автоматтык которууда “тескөө” сөзү “башкаруу” деп которулат. Ишеним каттын оригиналында мындай сөз жок» деп жүйө келтирди. Ишеним катты Гуугл котормочу менен которушкан. Эгерде ошол тиркемени пайдалансак, котормочулук кесиптин бизге эмне кереги бар? Атайын экспертиза ишеним катта тескөө сөзү бар экенин аныктады.
“Аруу Жылдыз” соттук процесстин экинчи айлампасында да эки инстанцияда тең утуп чыккан. Эми үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде маселе Жогорку сотто кайрадан каралат. “Аруу Жылдыз” ЖЧКсынын жетекчиси Умсун Умарова соттор адилеттүү иш алып баруусун өтүнүп, “чындык башка нукка бурулуп кетпесе экен” деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.
— Түркиянын элчиси рейдердик жол менен менин бизнесимди тартып алууга кандай укугу бар? “Аруу Жылдыз” көп суммада салык төлөп, элди жумуш орундары менен камсыз кылууда. Бул менин кыргыз элине жасаган чоң жардамым деп ойлойм. Ошондуктан эне катары, ишкер катары сизден (Сооронбай Жээнбеков) суранам, чындыкты коргоп, соттордун туура чечим чыгаруусун көзөмөлгө аласыз деген ишеничтемин. Биз баарын мыйзамдуу түрдө сатып алдык. Башында “Вефа” 9 ишкердин компаниясы болгон. Түркияда төңкөрүш болгон соң ишкерлер ар кайсы жакка тарап кетишти. Мүлкүн сатууга аргасыз болушту. Биз мыйзамдуу түрдө сатып алганбыз. Түрк бийлиги ал ишкерлердин мүлкүн Түркиядан алат да, эми калганын тартып алуу үчүн чет мамлекетке чыгып жатат. Алсак, биздегидей эле көрүнүш Тажикстанда да катталды. Бизди сотко берген күнү тажик ишкеринин үстүнөн да арыз жазышкан. Бирок тажик бийлиги мөөнөтү өтүп кетти деп ишти карабай койду. Ошону менен тажик ишкери ишин улантып жатат. Ал эми бизде кабыл алып коюп, эки жылдан бери ыңгайсыздык жаралууда.
Умсун Умарова маселе боюнча Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушпаганын белгиледи.
— Мен өмүр бою мамлекет деп жүргөн адам болсом, түрктөр мени «террорист» дейт. Эми элестеткилечи, мен террористке окшоп турамынбы? Мен ушундай сөздөрдөн кийин түрк элчиси менен кантип жолугуша алам? Эмне деп жолугушум керек? Токтоолук кылып, ушул убакытка чейин эч нерсе кылбай келдим. Элчи мени «террорист» деп жатса, аны менен сүйлөшүүнүн пайдасы барбы?
Маалыматка ылайык, “Вефа” ай сайын мамлекеттик бюджетке 2 миллиондон 3 млн сомго чейин салык төлөйт. Борбордо 170ке жакын ижарачы эмгектенип, 900дөй жаран жумуш менен камсыздалган. Бирок соттук иштерден улам, учурда “Вефада” иштеген ишкерлер тынчсызданып, бизнесин улантуудан чочулап турушат. Бул боюнча жеке ишкер Алмаз Зулпукаров төмөнкүлөргө токтолду:
— Биз — ишкерлер, Жогорку сот туура чечим чыгарат деп ойлойбуз. 4 инстанцияда да жеңип келген соң, судьялардын баары билимдүү, туура чечим чыгарат деп ишенебиз. Азыр “Вефада” иштеген ишкерлер тынчсызданып турабыз.
Адилеттүү чечимдер кабыл алынбаган өлкөдө ишкерлер салык төлөй албай, өнүгүү жоголот. “Вефа” соода борбору боюнча чыр башка ишкерлерге чоң белги, ал бизнесмендерди сестентет. Мамлекет сыртка инвесторлорго шарт түзүүдөн мурда ички инвесторду сактап калышы керек. Мындай пикирин жарандык активист Гулжигит Исаков билдирди.
Анын айтымында, бул маселенин төркүнү Түркиядагы 2016-жылкы жасалма төңкөрүшкө барып такалат. Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганга жагынуу максатында ушундай иштерди кылып жатканын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
— Ички инвесторлордун каражаттарын башка бирөөлөргө тарттырып жибере турган болсок, анда бизнесмендердин чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө шарт түзөт. Биринчи кезекте ички инвесторду сактап калуу керек. Түркияда 2016-жылы жасалма төңкөрүш эмне себептен жасалганын эми түшүнүп жатабыз. Түркия бийлиги атайын белгилүү катмарды геноцидге учуратуу боюнча максаттуу иш алып барган. 50 млрд доллардан ашык жеке менчик мүлктү «улутташтырып» алышты. Эми аны башка өлкөлөрдө да улантууну каалап жатышат. Учурда Кыргызстан тандоо жасашы керек. Биз мыйзам үстөмдүгү болгон мамлекепизби же акча берсе моюн сунуп койгудай Африка өлөлөрүнүн бири болобузбу? Бир чечимге келишибиз кажет. Женгиз Камил Фырат мырза Жогорку Кеңешке барып, биздин кызматкерлерди кекетип, эрке баладай эркелеп жүргөнүнө күбө болуп келе жатабыз. Элчи сот системасындагы алешемдиктерди байкап, айрым кызматкерлер сатылып кеткенин билип, акчага салып утуп жаткан жерлер да болот. Канчага чейин биз мындайга чыдашыбыз керек? Мындын сырткары, ЖКнын депутаттарынын ичинен тынбай Түркияга каттап, алардын лоббилик иштерин жүргүзүп жаткан кишилерди билебиз. Мындай аракеттерди токтотуу керек. Биз өзүбүздүн ишкерлерди, улуттук кызыкчылыкты колдогондо гана өнүгөбүз.
Маалыматка караганда, “Вефа” менен соттошуп жаткан түркиялык “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коому 2016-жылдагы төңкөрүшкө чейин эч кандай мамлекеттик үлүшү жок, жеке менчик уюм болгон.
Юрист Кайрат Осмоналиев ушундан улам элчи Жеңгиз Камил Фыраттын жеке менчик уюмдардын ортосундагы чырларга кийлишигүүгө акысы жок экенин белгиледи:
— Жеңгиз Камил Фыратты жоопкерчиликке тартып, Биздин ТИМ бир нота берип, элчини КРге кирүүсүнө тыюу салуу керек. Дайыма агрессивдүү саясат өткөрөт. Дипломатиялык этикетти түшүнбөгөн, быздын мыйзамдарды сыйлабаган адам экен. Ал биздин жалпы ар-намысыбызга зыян келтирди. Биз чыдамдуу эл экенбиз. ТИМ эч нерсе укпайт, эч нерсе көрбөйт экен. Бирок мындай элчилерди ордуна коюу зарыл. Элчилердин жеке соттук процесстерге таасир этип, кысым-басым көрсөткөнү туура эмес. “Вефа” менчик ишкана, биз бул жерде саясий маселелер болуп жатканын түшүнүп жатабыз . Бирок элчинин саясий оюн, интригаларды кылышы туура эмес.
Ал эми дипломат Аскар Бешимовдун баамында, Түркия Камил Фыраттын дээрлик бардык аракеттерин колдоп келе жатат. Элчи өз алдынча саясат жүргүзбөйт. Мындан улам, Тышкы иштер министрлиги Камил Фыратка эскертүү берүүдөн мурда Анкара менен сүйлөшүп, Түркиянын Кыргызстанга карата көз карашын аныктап алуусу зарыл экендигин айтат:
— Биздин ТИМ Түркияга «Силердин саясатыңар кандай? Элчиңер аркылуу көз карашыңарды билдирип жатасыңарбы? Нааразычылык, келишпестик эмнеде? Позицияңар кандай? деп эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек. Ошонун негизинде элчи кайсы жерде аша чапканын тактап алууга болот. Анткени элчи өз алдынча саясат жүргүзүүгө укуктуу эмес. Ал Түркиянын Тышкы иштер министринин тапшырмасын аткарат. Бирок Камил Фырат биздин өлкөдө жашап жаткан соң, Кыргызстандын мыйзамдарын урматтоого тийиш. Эрежеге ылайык, элчи соттук отурумдарга катышууга акысы бар. Бирок сөз сүйлөп, кайсы бир жакка ыктап, доомат көрсөтүүгө укугу жок. Сот отурумдарына катышып, бирөөнү «террорист» деп айыптоосу Камил Фыраттын өз ою эмес. Ал Түркия бийлигинин ою. Эгерде андай болбосо Анкара дароо эле «бул биздин көз караш эмес, элчи өз пикирин айтып койду. Кечирим сурайбыз» деп айтмак. Бирок андай болгон жок. Ошондуктан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бул расмий түрдө позиция. Бул жерде элчиге тапшырма бергендер менен сүйлөшүш керек.
Кошумчалай кетсек, былтыр Жогорку сот Кырызстандагы “Кайнак” ишканасын Түркиянын фондуна өткөрүү боюнча чечим кабыл алган. Анда да соттук иштерге элчи Женгиз Камил Фыраттын аралашканы маалым.