Биз менен байланышыңыз

Трамп Иранга курал саткандарга каршы санкциялар жөнүндө жарлыкка кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2020 | 429 | 0

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп «Иранга курал жеткирүүгө тиешеси барларга каршы санкциялар жөнүндө» жарлыкка кечээ, 21-сентябрда кол койду. Бул тууралуу Американын лидеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайен билдирди.

«Президент Ирандын баллистикалык ракета технологиясына жана кадимки куралга жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча кескин чараларды көрдү», — деди О’Брайен, Трамп кол койгон буйрукка шилтеме жасап.

EADaily басылмасы билдиргендей, Венесуэланын президенти Николас Мадуро Иранга курал жеткирүүгө катышкандыгына байланыштуу АКШнын жаңы санкцияларына биринчилерден болуп туш болгон.

14-августта БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы курал эмбаргосун узартуу боюнча АКШнын резолюциясынын долбоорун четке какты. Анын узартылышы үчүн эки гана өлкө — АКШнын өзү жана Доминикан Республикасы добуш берген. Орусия менен Кытай ага каршы чыгышты. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин азыркы курамындагы дагы 11 өлкө, анын ичинде Франция, Улуу Британия жана Германия добуш берүүдөн баш тартышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Америка Ирандын куралдарды эркин сатып албоосу үчүн иштей бере тургандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM