Биз менен байланышыңыз

Төрт миң өзбекстандык Самара облусунда чек арадан өтө албай турат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2020 | 391 | 0

Самара облусунун Кинельский районунда Өзбекстандын 4282 жараны кайрадан чогулуп, Казакстан менен болгон чек ара жабык болгондуктан, мекенине кайта албай жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн облустук башкармалыгына таянып чет элдик басылмалар жазды.

Аталган мигранттарга убактылуу баш калкалоочу чатыр лагери орнотулуп, суу, азык-түлүк жана керектүү нерселер менен камсыздалып, жарандардын коопсуздугу дагы каралган.

14-сентябрда Өзбекстандын бийлиги 1,5 миң жаранын поезд менен алып чыккан, кийинки поезддин 19-сентябрда келиши күтүлүүдө. Ташкентке поезддер Новосибирск облусунда дагы уюштурулган. Ал эми  учактар ​​Москва, Казань, Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск аэропортторунан учуп жатышат.

Өзбекстан буга чейин 18 жана 19-майда Самара облусунун Большечерниговский районунан 1200 жаранын алып чыккан. Кийинчерээк өлкө бийлиги мигранттарды поезд менен алып кетүүнү уюштурган. Маалым болгондой, май айынан бери Өзбекстандын 8500дөн ашуун жараны Самара облусунан мекенине жеткирилген.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери көптөгөн мигранттар Орусияда жумушсуз жана акчасыз калгандыктан, өз мекенине жеңил унаалар жана автобус менен кайтууну чечишкен.

Copyright © 2017 Maral FM