Биз менен байланышыңыз

Куудул Назира Жетигенова: быйыл турмушка чыгам

Марал шоу , Шоу-бизнес | 14 Сен 2020 | 1355 | 0

Жакында куудул айым Назира Жетигенова Инстаграм баракчасына мырза менен түшкөн сүрөт жүктөп, астына “баарыбыз бактылуу болууга татыктуубуз” деген жазуу калтырган. Интернет колдонуучулардын жарымы жакшы каалоо-тилектерин жазса, айрымдары талкууга алып, “жаш өтүп калганда жөн эле койсо болмок” деп сындашты. Талкууга алынган сүрөт жана жеке жашоосу тууралуу куудул айым “Марал” радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

“Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат” деген  макалга кошулбайм(күлүп). Буюрса, быйыл чакан той өткөрүп,  турмушка чыксамбы деген план бар. Болочок жарым жөнүндө азырынча эч кандай маалымат бере албайм. Өзү дагы башында «мени эч нерсеге  аралаштырба» деп айткан. Менден жашы кичүү, пайгамбарыбыз деле өзүнөн 15 жаш улуу аялга үйлөнгөн да. Эң негизгиси, кыргыз жигити, ата- энелер башында шок болуп, таң калды. Андан кийин макулдуктарын беришти».

Белгилей кетсек, Назира Жетигенова кыргыз шоу-бизнесинде куудул жана актриса катары көпчүлүккө таанымал.

Алина Жетигенова: «Атам СТИЛЯГА болчу…»

 

Copyright © 2017 Maral FM