Биз менен байланышыңыз

Алина Жетигенова: «Атам СТИЛЯГА болчу…»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 15 Ноя 2019 | 1269 | 0

Жылдыздуу, таланттуу айым, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти  Алина Жетигенова “Марал шоу” программасына  келип, маек куруп  берди.

-Саламатсызбы, Алина айым?

-Саламатчылык!

-Жаш  көрүнөсүз, жаштыгыңыздын сыры эмнеде болду экен?

-Жүрөктү, жан дүйнөнү сакташ керек. Улам жаман сөз угуп , бир ушактын аркасынан  жүрүп,  кайгыра берсең, жан дүйнөң деле жабыркайт да. Интернет булактарынан, телефондон жаман  видеолорду көрбөгөнгө  аракет кылыш  керек.  Ошондо гана  ички сулуулук, сыртка чыгат десем жаңылышпайм.

Кыргызстандын  бермети  Ысык-Көлдү  барктап, сулулугун даңктап, жайында  КРнын эмгек сиңирген артисти  Айчүрөк Иманалиева  менен  дуэт ырдаганбыз. Жакында эле клиби  жарыкка чыкты. Бул сунуш Айчүрөк  тараптан түштү.

-Өнөр адамдарынын  устаттары  болот эмеспи, сиз учурунда кимден сабак  алып, тарбияландыңыз?

-Кыргыз Республикасынын Эл артисти, таланттуу,уккулуктуу үнү бар  Улукмырза  Полотов агайдан сабак  алганмын. Ал эми эстрада  жагынан  Чынара  Токтоналиева, Шахра Аскарова, Гүлнара Чоткараева, Гүл Рысалиева деген  укмуш  сонун ырчылардын үндөрү менен чоңойдум. Чет элдик ырчылардын  ырларын да ырдап жүрдүм.

-Мектепти  кандай аяктадыңыз эле? Окууну бүткөнүңүзгө канча жыл болду?

Шаардык классташтар  менен  бат-баттан жолугуп  турабыз. Биз чогулганда аяштар болуп, баарыбыз 100гө чукул киши болобуз. Негизи, мен  классташтарга баймын, 3 мектепте  окуганмын.

-80-90 жылдары атактуулуктун туу чокусунда болуп, кийинүү стилиңиз дагы  бир өзгөчө  болчу? Буйрутма  менен  тиктирчү белеңиз?

-Кичинекей кезимде эле  шаарда  окудум  да. Ошол деле  таасир берсе  керек. Анткени, шаардык классташтарымдын  кийингенин көрүп, анан  журналдардан  карап жүрүп эле кийинип алчумун. Атакем дагы  стилдүү кийинчү, бийлегенде дагы өзгөчө бийлечү. Атабыздан  да  балдарына  жугуштуу болду  окшойт.

-Сиздин  жолуңузду жолдоп, ырчы  болом деген  уул, кыздарыңыз барбы?

-Улуу уулум Азиз Жетигеновдун  үнү аябай  жакшы  деп  ойлойм. Жакшы  ырларды  жаздырып  жүрөт. Кызым Азалия бий тармагын  өздөштүрүп кетти. Азыр болсо  эки баланын энеси  “Жаш Кыял” элдик бий ансамблинде  хореограф болуп  эмгектенет. Куда-кудагыйым аталган бий ансамблинин жетекчилери. Кызымдын жолдошу-бийчи. Кичүү уулум болсо, чоң ата, чоң апасынын колунда  чоңоюп, таптакыр чыгармачылыктан  алыс. Азыр мамлекеттик кызматкер.

-Кыялыңыздагы кайсыл ийгиликти  багындыра  албай калдыңыз?

-Убакыттан  уттурдум. Канча деген  ырларым чыга элек. Буюрса, 40 жылдык юбилейлик концертимди берем деген  планым  турат.

-Сиз белгилүү  болгон учурда  күйөрмандар тарабынан  көрө албастыктар  болгон эмес беле?

-Мен ушул күнгө чейин бир дагы  душманым жок деп  жүрө бериптирмин. Негизи, менин урушка  талантым  жок. Бирок душмандар  четинен  чыга  берет экен. Баарын жүрөктөн өткөрдүм. Азыр 50% эркек, 50% аялдар  басымдуулук  кылат.

-Сахнада 40 жыл жүрүптүрсүз. Мурда  дагы той-топурларга  барып ырдап  калчу  белеңер?

-1991- жылдары  акырындан  башталган. СССР жоюлуп, ар ким өз арабасын  тарта  баштаган  учурда  биринчи  жолу  тойго барып ырдаганым эсимде.  Ал кезде  аябай жат көрүнчү. Биз ал убакта  топ менен  жүрчүбүз да. Жетекчибиз  канча  берсе, ошол сумманы гана  алчубуз.  Ал убакта  биз  сахнаны  гана  эңсеп, ошол жактан  ырдаганга  кызыкчубуз.

-Сизге чоң рахмат. Ишиңизге  ийгилик!

-Рахмат, силерге дагы  ийгилик каалайм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM