Биз менен байланышыңыз

Жекшембиде коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 973 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 13-сентябрь, жекшемби күнү коронавирус пандемиясы башталгандан бери жаңы жугузгандардын эң көп учуру катталгандыгын билдирди. Өткөн суткада дүйнөнүн 307 миң 930 жашоочусунда COVID-19 оорусу аныкталды. Бул бир жума мурун белгиленген эң жогорку көрсөткүчтөн болжол менен 1000 учурга көп.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери 28 млн 637 миң 952 адамда аныкталды жана оорунун кесепетинен 917 миң 417 бейтап каза болду.

Коронавирустук инфекция эң көп АКШда (6,7 млн), Индияда (4,8 млн) жана Бразилияда (4,3 млн) катталган. Орусияда коронавирус 1,06 миллион адамдан табылган. 4-сентябрдан бери коронавирустун жаңы учурларынын саны күнүнө 5 миңден ылдый түшпөй келет. Ал эми Германияда бул оору дээрлик 260 миң адамда тастыкталган.

Айрым өлкөлөр кайрадан оорунун жайылышын көзөмөлдөө чараларын күчөтүүдө. Ошентип, Армения бийлиги 2021-жылдын 11-январына чейин өлкө боюнча карантин жарыялады. Ал эми Израилде өкмөт 18-сентябрдан баштап, үч жумага чейин карантин чараларын киргизди.

Ошол эле учурда, дүйнөдө көптөгөн медициналык мекемелер жана фармацевтикалык компаниялар коронавируска каршы жаңы вакцина жасоонун үстүндө иштеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM