Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт кое алабыз

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 561 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде өлкөнү санариптештирүү борбор шаарда чоң талап, катуу көзөмөл менен жүрүп жатканын билдирди.

«Калкка кызмат көрсөтүүчү баардык мекемелерди санариптештирүү иши түздөн-түз менин көзөмөлүм менен жүргүзүлүүдө. Бул — шаардыктарыбыздын күнүмдүк түйшүгүн азайтып, жашоосун жакшыртууга көргөн кеңири камкордук. Биз баарын камап, же каерде коррупциялык схема болсо, жетекчилерин алмаштырып, аны менен токтото албайбыз. Коррупцияга санариптештирүү аркылуу гана бөгөт кое алабыз.  Санариптештирүү — коррупцияга каршы күрөштүн негизги куралы», — деди мамлекет башчы.

Ал белгилегендей, санариптештирүү үчүн каражат бар, толук өлчөмдө берилип жатат. Саясий эрк бар. Борбор шаарга, региондорго чыкканда бул багытта талап катуу коюлууда.

«Эми эң негизиси бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик муну аткарышы керек, аткара башташты. Талапты кайсы жерде болсо, коюп жатабыз. Муну мен кайсы жерге барсам, шаар болобу, элетте болобу, тынбай айтып жатам. Бул багытта жылыштар бар, жыйынтыгы болуп жатат, жемишин берет», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM