Биз менен байланышыңыз

АКШ: 100 жыл мурун жиберилген кат көздөгөн жерине жеткирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 534 | 0

АКШнын Белдинг шаарында жашаган Бриттани Смолл өзүнүн почта кутусунан 100 жыл мурун жиберилген катты таап алды.

Открытка түрүндөгү кат 1920-жылы 29-октябрда жөнөтүлгөн. Анда Хэллоуинге карата  куттуктоо жазылган.

Бриттани бул катты Фейсбукта Positively Belding баракчасына жарыялады.

Кат Дивизион көчөсүнүн жашоочусу Рой Маккуиндин дарегине жолдонгон. Ага куттуктоо катын тууганынын кызы жазган.

Кыязы, открытка үйдүн мурунку ээлерине жөнөтүлгөн. Аял аларды табууга аракет кылган, бирок таба алган эмес. Ошондуктан ал катты тарых таануу музейине тапшырат.

Copyright © 2017 Maral FM