Биз менен байланышыңыз

АКШ Айга өзөктүк реактор курууну пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Сен 2020 | 407 | 0

АКШнын космостук агенттиги NASA жана Энергетика министрлиги Айга өзөктүк реактор куруу планын жарыялады.

Бул багыттагы долбоорлорго сынак сентябрдын аягында же октябрдын башында жарыяланат. Айдагы реакторду кура турган компания 2021-жылдын башында тандалып алынат.

Жеңүүчү долбоордун авторлоруна 2027-жылга чейин Айга өзөктүк реактор куруу милдети жүктөлөт.

Бул реактор Айдагы адамдар жашаган модулдарды жана шаймандарды, айрыкча, күндүн панелдерин колдонуу мүмкүн болбогондорун эки жумалык түндө кубаттандырышы керек. Мындай модель андан кийин Марсты өнүктүрүүдө колдонулат.

Баштапкы этапта Айдагы атомдук реактор 10 кВт энергия өндүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM