Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азия өлкөлөрүндө абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 351 | 0

Кыргызстан

Кыргызстанда 6-сентябрга карата коронавирусту жуктуруп алган 87 жаңы учур катталды. Республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен катталгандардын жалпы саны 44 миң 403кө жетти.

Сутка ичинде 178 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылды. Өлкө боюнча вирусту жеңгендер 39 миң 826 адамды түздү. Коронавирустан улам каза болгондор 1061 адам.

Учурда өлкө боюнча стационарда 589 бейтап, амбулатордук түрдө 3568 бейтап дарыланууда .

Өзбекстан

Акыркы суткада Өзбекстанда 295 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле бир суткада 448 бейтап илдеттен айыкты.

Бүгүн, 6-сентябрга карата Өзбекстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 43 миң 476 адамга жетти.

Бүгүнкү күндө республикада 40 миң 880 адам коронавирустан толугу менен айыкты. Ал эми каза болгондордун саны 345 адамды түздү.

Коңшу өлкөдөгү ооруканаларда 2251 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 198 адамдын абалы абдан оор деп бааланууда.

Казакстан

Акыркы суткада Казакстанда 423 адамдан коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмония аныкталды. Ошондой эле бул илдеттин кесепетинен 3 адам каза болуп, 83 бейтап айыкты.

1-августтан тарта өлкөдө 27 миң 623 адамдан коронавирустун белгилери бар пневмония аныкталып, 313 адам көз жумду. Бул оорудан жалпы 5957 бейтап сакайды.

Ал эми пандемия башталгандан бери 106 миң 301 адам коронавирус менен катталды.

Тажикстан

Тажикстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 8 миң 757 адамга жетти. Ошондой эле бул илдеттин кесепетинен 70 бейтап көз жумду.

Жалпы 7 миң 549 адам коронавирустан айыкты. Тажикстан дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны боюнча 95-орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM