Биз менен байланышыңыз

Күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 17 Авг 2020 | 758 | 0

16-август күнү саат 03:58де өлкө аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 140 километр алыстыкта болгон.

Жер титирөө Нура, Икизяк, Эркечтам айылдарында 4 баллга, Кара-Киндик, Кек-Суу, Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга, Ак-Талаа, Сары-Таш, Чий-Талаа, Көлдүк, Кичи-Каракол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди. 

Copyright © 2017 Maral FM