Биз менен байланышыңыз

«Ишке ашыруу кыйын». Кыргызстан Евробримдик менен жаңы кызматташтыкты баштады

Саясат | 26 Июн 2024 | 2047 | 0

Президент Садыр Жапаров 25-июнда Бельгияга жасаган иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аталган келишим көбүнчө соода-сатык, экономикага багытталат. Аталган документти Европа биримдигине кирген 27 өлкө жана Кыргызстан ратификация кылгандан кийин иштей баштайт. Бийликтин божомолунда ага эки, үч жыл убакыт талап кылынат.

Саясат талдоочулар дүйнөдөгү кырдаалга карап, келишимди стратегиялык жактан ишке ашыруу оңойго турбастыгын, Кыргызстан мындан сырткары да бир канча уюмга мүчө экендигин айтышууда.

Ошону менен катар Европа биримдиги Кыргызстанга кандайдыр бир талаптарды да коюшу мүмкүндүгүн белгилешүүдө.

Бул келишим Кыргызстан үчүн канчалык маанилүү жана аны ишке ашыруу жолдору кандай болот? 

Документке Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель, Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

Жээнбек Кулубаевдин айтымында аталган документти ишке ашыруу үчүн эки, үч жыл талап кылынат, ал арада Кыргызстан жана Европа биримдигине мүчө болгон өлкөлөр документти ратификациялоосу керек. Кыргызстан быйыл келишимди карап, ратификациялоосу мүмкүн.

«Бул келишим Кыргызстан менен Европа биримдиктин кызыкчылыгына иштейт. Көбүнчө соода-сатык, экономиканы көтөрүү багытына басым жасалат. Алгач Евро биримдикке мүчө өлкөлөр жана Кыргызстан ратификациялоосу керек. Кыргызстан тарап быйыл ратификациялоо боюнча жумуштарды жасайбыз. Ал эми Евробримдикке мүчө өлкөлөр өздөрүнүн регламентине карап, макулдугун беришет. Бул да бир канча убакытты алат, биздин оюбузча эки, үч жылдан кийин бул келишим толук иштеп калат».

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул дүйнөдө болуп жаткан геосаясий абалга карап, Орусия менен Ураинанын ортосундагы согуштук тирешүү токтой электигин эске алганда, бул келишимди ишке ашыруу кыйын болоорун билдирди. Анткени Евробиримдик Украина тарапта болуп турган учурда, Кыргызстан менен тыгыз алака-катыш кылып жаткан Орусия менен Кытай мамлекеттери турат.

«Бул келишим кандай таасирин тийгизет, кандай жол менен ишке ашат бир нерсе деп айтуу кыйын. Анткени геосаясий жактан алып караганда дүйнөдө аябай туура эмес процесстер болуп жатат. Ошондуктан Кыргызстан үчүн оор эле болот. Анткени, стратегиялык прогрммаларга кол коюлгандан кийин мазмундуу-маанилүү нерселер бар. Коомдун аң сезимине, экономинанын жакшы жаман өнүгүүсүнө таасирин тийгизе турган. Ал арада биз менен кошуна, тыгыз алака-катыш кылган Кытай менен Орусия бар, Европа менен бир континетте турабыз. Бирок согуш болуп, Батыш Европа менен Орусия эки позицияда болгону да таасирин тийгизет. Бирок көп векторлуу саясат жүргүзүүдө жөн гана сөз менен айтпастан, ошол жака барып, кол койгону да жакшы нерсе».

Чынара Эсенгул Орусия же Кытай инвестиция салып жатканда же грант бергенде жөн гана берсе, Европа биримдиги кандайдыр бир талаптарды коюшу мүмкүн экендигин кошумчалады.

«Шарттарды коюуда англисче conditionality деп коебуз. Бул ыкманы Америка, Батыш Европа мамлекеттери көп колдонуп келет. Алар жардам берип, инвестиция салып жатканда ачык коом, демократия болсун деп байлап коюшат. Бирок Орусия, Кытай өлкөлөрү андай шарттарды койбойт. Эки тараптын да жакшы жаман жактары бар. Ошондой эле Кыргызстан бир канча уюмдарга мүчө болгон, мыйзамдар да ошол уюмдардын жыйынында да талкууланат. Эгер Евробиримдик кандайдыр бир ачык талаптарды, шарттарды койсо, биздин мыйзам чыгаруучулар аткара калат же аткарбайт дегенде эмес маселе. Кеп, келечекте Кыргызстан кайсы нукта өнүгөт, жалпы кандай мамлекет болот мыйзамдарыбыз ошого жараша болуусу зарыл. Европа айтты эле, Орусия айтты эле деп чечим кабыл албастан, өзүбүзгө карап чечим кабыл алуубуз керек. Бийлик менен коом биргеликте иш алып баруусу шарт».

Саясат талдоочу Бакыт Жумагуловдун айтымында, бул келишим демократиялык, жарандык баалуулуктардын өнүгүүсүнө салым кошот.

«Ошол эле учурда Кыргызстан бир нече регионалдык КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ уюмдарына мүчө болуп турабыз. Европа бримдиги менен келишимди ишке ашырууда айрым маселелерди аталган уюмдар менен да кеңеше турган маселе болуп калуусу мүмкүн» ,-дейт Бакыт Жумагулов.

Ошондой эле ал макулдашуу боюнча буларга токтолду.

«Биринчиден, келишимде эл аралык кылмыштык соту боюнча да маселе болуп калышы мүмкүн. Анын милдеттенмелерин толук аткаруу боюнча. Эгерде Жогорку сот тарабынан кандайдыр бир саясий куугунтук болуп калса, Кыргызстандын жарандарына да эл аралык кылмыш сотко кайрылууга жол ачылып жатат. Экинчиден, келишимде демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүү, ошондой эле саясий куугунтук кылбоо деген маселелер да жазылып жатат».

Эгер Евробримдик менен болгон келишим менен ЕАЭБ уюумунун ортосунда кандайдыр бир дал келишпестик болуп калса, ЕАЭБ артыкчылыктуу багыт болоорун Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирген.

Мурдагы экономика министри Эмил Үметалиев Азиядагы өнүккөн өлкөлөр Европа жана АКШ менен соода-сатык алаканы тыгыз иштеткендиктен экономикасы жогору экендигин айтат.

«Дүйнөдөгү лидер өлкөлөр Америка жана Европа өлкөлөрү  болуп саналат. Аларга биргелешкен Чыгыш Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрү. Ошол эле Жапония, Сингапур, Корея жана башка өнүккөн өлкөлөр Америка жана Европа менен тыгыз соодо-сатык жаатында кызматташып, экономикаларын өнүктүргөн. Алар бири-бирине визасыз кирип, эркин соода жүгүртүшөт. Бул- экономиканын жетишкендиги, эконмиканын натыйжасы деп айтсак болот. Ал натыйжа адамдардын ортосундагы орнотулган эрежелердин баалуулугунун жана адамдын жаратмандыкка багытталган эрежелеринин корголуусунун натыйжасында ушундай ийгилик болуп жатат. Эгер биздин саясатыбыз Европа менен кызматташууга багытталса, өнүгүү, өсүү болот«.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бул маанилүү чечим экендигин, ал тышкы иштер министри болуп турган кезде бул аракеттер башталганын айтты.

«Бул иштер бир канча жыл мурда башталган. Алгач мен тышкы иштер министри болуп турган кезде башталган болчу. Тышкы саясатта биринчи кезекте өзүбүздүн кызыкчылыкты коргообуз керек. Бул өтө маанилүү, олуттуу жетишкендик».

Европа биримдигинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга өткөн жылы июнь айынын башында Борбор Азия жана Европа бримдигинин лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуу үчүн келген. Анда БА жана ЕБ кызматташтыгы тууралуу талкуу болгон.

Copyright © 2017 Maral FM