Биз менен байланышыңыз

Парламент Улуттук банктын төрагалыгына Мелис Тургунбаевди шайлады

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 283 | 0

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагалыгына президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, колдоду.

Президенттин Жарлыгы менен Мелис Тургунбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бүгүн бошотулду.

Парламент спикери Улуттук банктын жаңы төрагасына бул тармакка жаңычылдык киргизүүнү сунуштады.

Мыйзамга ылайык, Улуттук банктын төрагасы Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат же дайындалат.

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди өз арызынын негизинде кызматынан бошотууга макулдук берген. Ал бул кызматка 2021-жылы сентябрда дайындалган эле.

Мелис Тургунбаев 2023-жылдын март айынан бери экология министри болуп иштеп келди. Ал «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган.

Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Copyright © 2017 Maral FM