Биз менен байланышыңыз

Депутат: Мамлекеттик мектептерде «Сапаттагыдай» шарт түзүү учуру келди

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 381 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мамлекеттик мектептерде «Сапат» эл аралык мектептериндегидей шарт түзүү керек экенин билдирди. Мындай пикирин ал парламенттин 26-июндагы жыйынында айтты.

«Биз эмне үчүн «Сапаттагыдай» шартты түзө албайбыз? Азыр ошондой шарт түзө тургандай учур келди. Ошону эске алып, гранттын ар бир тыйынын көзөмөлгө алыңыз», — деди депутат Талиева билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага кайрылып.

Кендирбаева каражаттын жумшалышына үч этаптуу көзөмөл болорун, максатсыз пайдалануу жөнүндө кеп болбошу керектигин айтты.

Бүгүн парламентте Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы мектептерди өнүктүрүүгө бөлүнө турган гранттык жана кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Анын алкагында 20 млн доллар грант, 20 млн доллар насыя алынат.

Депутат Камила Талиева «Акылман» президенттик лицейи тууралуу да токтолуп, анда бир жылда жакшы жыйынтыктар болуп жатканын жана ар бир облуста ушундай лицейлер ачылышы керектигин белгиледи.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификат» алды. «Сапат» билим берүү мекемеси «Алтын сертификатка» жетишкен бүтүрүүчүлөрдүн көптүгү менен биринчи орунга чыгып, 13 окуучусу «Алтын сертификатка» ээ болду.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин курамында жалпы 16 лицей бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM