Биз менен байланышыңыз

ӨКМ Лаззат Нургожоеванын жигити тик учакка канча акча төлөгөнүн айтты

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 420 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги социалдык тармакта президенттин карындашынын сүйлөшкөн жигити анын колун суроо үчүн алган тик учак мыйзамдуу түрдө ижарага алынганын билдирди.

Маалыматка караганда, алдын ала жеке жак менен 21-июнда бир саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Афтандил Сабырбеков аттуу жаран 157 662 сом төлөгөн.

Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат.

Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот.

Тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат.

Жеке жактар келишим түзүү менен “Н -125 Airbus” тик учагын саатына 157 662 сом, ал эми “Н — 145 Airbus ” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат.

Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат.

Социалдык тармактарга президенттин жакыны Лаззат Нургожоеванын сүйлөшкөн жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганы тууралуу видеолор тарады. Социалдык тармактын колдонуучулары аны ашыкча чыгым кылып жатканын айтып, сындашты.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин «Кабар» улуттук агенттигине маек куруп, карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурады.

Ал “ысырапкорчулукту токтотууда президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин” айтып, “жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок, жаштык кылып койду деп ойлойм» , — деп билдирди.

Президент “акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм” , — деп кошумчалады.

Садыр Жапаров тик учактар ижарага берилип, колдонулуп турбаса кийин учууга жараксыз болуп каларын, ошол себептен бардык тараптарга ижарага берүүгө уруксат берилгенин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM