Биз менен байланышыңыз

Президент карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурады

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 410 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек куруп, карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурады.

Ал “ысырапкорчулукту токтотууда президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин” айтып, “жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок, жаштык кылып койду деп ойлойм» , — деп билдирди.

Президент “акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм” , — деп кошумчалады.

Садыр Жапаров тик учактар ижарага берилип, колдонулуп турбаса кийин учууга жараксыз болуп каларын, ошол себептен бардык тараптарга ижарага берүүгө уруксат берилгенин айтты.

“Албетте, бир-туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коем. “Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм. Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат.

Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм. Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм” , — деди Садыр Жапаров.

Социалдык тармактарга президенттин жакыны Лаззат Нургожоеванын сүйлөшкөн жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганы тууралуу видеолор тарады. Социалдык тармактын колдонуучулары аны ашыкча чыгым кылып жатканын айтып, сындашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM