Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Дээрлик 40 градуска чейин ысык болот

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 534 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, эртең, 27-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +34…+37,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын  температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +36…+38 градус ысык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM