Биз менен байланышыңыз

Ош гарнизонунун чек ара офицери пара алууга шек саналып кармалды

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 464 | 0

Ош гарнизонунун чек ара ведомствосунун офицери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү «Опузалап пара талап кылуу» боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 25-июнда 1985-жылы туулган, Ош гарнизонунун чек ара  ведомствосунун офицери З.Т.С. кармалды.

Ал кызматкер материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен узак убакыт бою чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен системалуу түрдө акча талап кылганы кабарланды.

Учурда бул кылмыш ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM