Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды

Кыска кабар | 26 Июн 2024 | 223 | 0

Жогорку Кеңеш 26-июндагы жыйынында электрондук тамекини сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Эми мыйзам долбооруна президент кол коюшу керек.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы.

Долбоорго ылайык, электрондук тамеки тартканы үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазасы колдонулат.

Copyright © 2017 Maral FM