Биз менен байланышыңыз

Нааразычылык менен коштолгон Лукашенконун жеңиши: шайлоону кимдер тааныды?

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 617 | 0

Беларусияда 9-август күнү өткөн президенттик шайлоодо алдын-ала маалыматтар азыркы президент Александр Лукашенко жеңгенин көрсөттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгынан соң учурдагы бийликке карата нааразычылыкты билдирген жүрүш башталып, адам өлүмү менен коштолду. 

Шайлоого аттанган талапкерлер

Беларусиядагы шайлоого 5 атаандаш катышты. Алар:

  • Александр Лукашенко;
  • Андрей Дмитриев;
  • Сергей Черечень;
  • Анна Канопацкая;
  • Светлана Тихановская.

Эксперттер булардын ичинен негизги фигурант болгон Александр Лукашенкого каршы атаандаш катары Светлана Тихановскаяны белгилешкен. Анын күйөөсү, оппозициялык ишмер Сергей Тихановский алдыдагы шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп чыгууга белсенип жаткан эле. Бирок ал камакка алынгандыктан, анын ордуна жубайы Светлана Тихановская катышууну чечкен.

Лукашенкого күчтүү оппозиция боло алчу Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалону Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер катары каттабай койгон.

Белгилей кетсек, Беларусияда президенттик шайлоо кечээ, 9-августта өттү. БШКнын дүйшөмбү күнү тараткан алдын ала маалыматына караганда, Беларусиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко 80,23%, Светлана Тихановская 9,90% добуш алды. Калган үч талапкер 2% дан аз добуш алышты.

Массалык нааразычылык

Бийликте 26 жылдан бери турган Александр Лукашенко шайлоого 6-ирет катышып, 80 пайыз добушка ээ болушу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында массалык толкундоону жаратты.                                                                                                                                                       

Президенттик шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккан соң массалык нааразычылык акциясы өттү. Нааразычылыкка чыккандар шайлоонун бурмаланганын айтып чыгышты. Массалык акциялар Минск шаарынын борборунда, Жеңиш аянтында жана башка шаарларда уюштурулду. Минсктин чок ортосунда демонстранттар таштанды чакаларынан баррикадаларды орнотушту.

Полиция көздөн жаш агызуучу газды, суу замбиректерин жана гранаталарды атып, демонстранттарды шаардын борборунан күч менен кууп чыкты. Анын айынан бир нече адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Беларусиянын ИИМи интернетте нааразычылык акцияларына байланыштуу жасалма материалдар тарагандыгын айтып билдирүү жасады.

Беларусиядагы бул шайлоого байкоочулар катышкан жок.

Кагылышуунун кесепети

Беларус ИИМи 9-августтагы демонстрация учурунда өлкө боюнча 3 миңдей жаран кармалганын билдирди. Алардын миңге жакыны Минск шаарынан.

Андан сырткары, элүүдөн ашык адам жаракат алган. Ошондой эле, 39 милиция кызматкери жабыркаган, алардын айрымдары учурда ооруканада.

Бирок «Весна» адам укугун коргоо борборунун өкүлү Валентин Стефанович Минск шаарында болгон нааразычылык акциясында бир адам каза болгонун айтууда.

«Ооба, бир адам набыт болгону тууралуу маалымат бар. Бул демонстранттарды атайын унаа менен сүзүп кеткенден кийин болгон. Үч адам оор жаракат алып, бир адам башынан оор жаракат алган«, — деди Стефанович.

Өлкөнүн тергөө комитети акциянын катышуучуларын жана уюштуруучуларын узак убакытка түрмөгө камалуу менен коркутууда. Алар ондогон милициянын жарадар болгонун бетке тутууда. Ал эми жабыркаган активисттердин абалы тууралуу маалымат жок.

Буга чейин бир топ маалымат булактары интернеттин жоктугун, иштебей жатканын айтып жатышкан. Лукашенко шайлоо учурунда сырткы өлкөлөрдүн кийлигишүүсү болбосун деген максатта интернет үзгүлтүккө учуратылганын айтты.

Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен кимдер куттуктады?

Лукашенкону куттуктагандардын тизмеси өсүүдө. Биринчилерден болуп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, андан кийин Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев куттуктады. Үчүнчүлөрдөн болуп Орусия президенти Владимир Путин куттуктоо телеграммасын жолдоду.

Андан сырткары куттуктагандардын катарында Азербайдан президенти Ильхам Алиев, Молдавия президенти Игорь Додон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бар.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Лукашенкону жетинчилерден болуп куттуктады. Андан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да куттуктап өттү.

Ал эми Европа өлкөлөрү бул шайлоону тааныбай тургандыгын билдирди. Германия:

“Кичине болсо да демократиялык шайлоонун стандарттары сакталбаганы көрүнүп турат, биз муну кабыл ала албайбыз”,- деди.

Александр Лукашенко бул учурда эмне менен алек?

Беларус президенти Александр Лукашенко 10-августта Минск облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын» иши менен таанышып, ишканага жогору баасын берди.

Бул компанияны Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов жетектей турганы айтылып келет. Ал атын өзгөртүп, Даниил Урицкий болуп алганы маалым.

Беларустун «БелТА» мамлекеттик маалымат агенттиги 10-августта жарыялаган маалыматында, Лукашенко менен Урицкийдин түшкөн сүрөттөрү бар, бирок компаниянын директору катары анын аты аталган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM