Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бир суткада миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Авг 2020 | 279 | 0

Казакстанда бир суткада 1062 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алган 1062 адамдын 569ун вирустун симптомдору коштосо, 493ү ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон.

Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 94 миң 882ге жетти. Бул илдеттен жалпы 67 миң 31 бейтап дарыланып чыккан, ал эми 1 миң 91 адам каза болгон.

Казакстанда 3-августтан тартып акырындык менен карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу каралган.

Министр 3-августтан тартып соода борборлор, үстү жабылган базарлар (иштөө убактысын чектөө менен), бала бакчалардагы нөөмөт топтору, сулуулук салондору жана чач тарачтар (кардарларды алдын ала кезекке жаздыруу шарты менен) ишин жандантса болорун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM