Биз менен байланышыңыз

Германия Орусиянын “Чоң жетиликке” кайтып келишине каршы

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2020 | 447 | 0

Германия Орусиянын «Чоң жетиликке» кайтып келишине каршы. Бул туурасында Германиянын Тышкы иштер министри Хейко Маас «Rheinische Postко» берген маегинде билдирди.

Дипломат Москванын бул форматтан четтетилишине өлкөнүн Крым менен биригиши жана Украинадагы кырдаал себеп болгондугун белгилеген.

«Бул маселе чечилмейинче, Орусияны чакыруунун эч кандай зарылчылыгын көрбөй турамын» , — деди Маас.

Ошондой эле, ал АКШнын президенти Дональд Трамптын «Чоң жетилик» саммитине төрт өлкөнү — Орусия, Индия, Корея жана Австралияны чакыруу сунушуна да макул эместигин билдирди.

Министрдин айтымында, Берлинге туура келген формат жети же жыйырма өлкөнүн клубу, бирок он бир же он эки эмес.

Маас ошондой эле орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун тажрыйбасынын жогору экендигин баалап, өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарын ырааттуу коргой тургандыгын айтып, аны менен ар дайым “бир чечимге келүүгө” мүмкүн боло тургандыгын белгиледи.

«Чоң жетилик «- экономикалык жактан өнүккөн жети мамлекеттин бирикмеси болуп саналат. Алар: АКШ, Германия, Япония, Улуу Британия, Франция, Италия жана Канада.

1998-жылы аталган топко Орусия кошулуп бирикме кеңейген болчу. Бирок Орусия Крымды кайтарып алгандан кийин клуб мүчөлөрү Сочидеги саммитке келүүдөн баш тартышып, Брюсселде 7 өлкө чогулушкан.

Трамп ушул жылдын август айында «G8» форматын калыбына келтирүү мүмкүн экендигин айтып, Орусиянын президенти Владимир Путинди 2020-жылы АКШда өтө турган G7 саммитине чакырууга ниеттенип жаткандыгын айткан.

Путин өз кезегинде Москва диалогго даяр экендигин жана G8 форматын калыбына келтирүүнү жокко чыгарбай тургандыгын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM