Биз менен байланышыңыз

Баткен: коронавируска керектелүүчү дарынын бир айлык кору бар

Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 769 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустук оорукананын жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кампасындагы дары-дармектин запасын көрүп чыкты. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Адистердин айтуусуна караганда, учурда облуста коронавирус жана пневмония ооруларын дарылоодо керектелүүчү дары-дармектердин жана коргонуучу каражаттардын бир айлык кору бар.

Беткап 254 миң 502 даана, бир жолу колдонуучу комбинезон 10,451 даана, көп жолу колдонуучу комбинезон 2 618 даана, респиратордон 13 миң даана бар. Дарыларды бөлүштүрүү бирдиктүү база аркылуу ишке ашууда.

Ошондой эле Абдрахманов шаардагы айрым дарыканаларды кыдырып чыккан.

Облус жетекчиси гепарин дарысы учурда «Неман» дарыканаларында бар экендигине күбө болду. Ошондой эле 118 кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган кызматка күн сайын орточо 50-60 чалуу болуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM