Биз менен байланышыңыз

Фургалды колдогон митингдер Хабаровск менен Владивостокто уланат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 436 | 0

Орусиянын Хабаровск шаарындагы акцияга бир нече миңдеген адам, Владивостокто 200гө жакын адам катышты. Камакка алынган Хабаровсктун губернатору Сергей Фургалды колдогон нааразычылык акциялары эки жумадан бери уланып жатат.

Бүгүн, 25-июлда Тургенев көчөсүнүн жээгинде бир нече миң адамдын катышуусунда нааразыылык акциясы өтө тургандыгын Dvnovosti.ru порталы жазды.

Ушундай эле акция Владивостокто да болуп жаткандыгын жергиликтүү «Vl.ru» порталы жазды. Маалыматка ылайык, Приморск крайынын административдик борборунун аянттарынын биринде 200дөй адам чогулган.

Сергей Фургал Хабаровск шаарында кармалып, 9-июлда Москвага жеткирилген. Тергөө аны эки ишкердин өлүмүн уюштурган, ошондой эле Хабаровск аймагында жана Амур облусунда 2004-2005-жылдары дагы бир ишкерди өлтүрүүгө аракет жасаган деп айыптаган.

Мындан сырткары, Сергей Фургал дагы Хабаровск жана Приморск аймактарында, ошондой эле Амур облусунда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Хабаровск шаарында Фургалды колдогон нааразычылык акциялары 11-июлда башталган. Кийинчерээк бул акцияга Владивосток жана Комсомольск-Амурдун жашоочулары да кошулган.

20-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин «ишеним жоголгондугуна байланыштуу» Сергей Фургалды кызматынан бошоткон. Анын ордуна Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты Михаил Дегтярев Хабаровск аймагынын губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок, нааразычылык акциялары басылбай, облустун башчысынын милдетин аткаруучуну кызматтан кетишин талап кыла башташты.

Copyright © 2017 Maral FM