Биз менен байланышыңыз

«Сырттан келген каражаттар эффективдүү пайдаланылбай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 497 | 0

Өлкө коронавируска каршы күрөшүүдө сырттан келген каражаттарды эффективдүү пайдалана албай жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сырттан келген 450 млн доллардын 360 млн доллары бюджетти колдоого кеткени туура эмес. Келген каражаттын 1/3 бөлүгү бюджетти колдоого, дагы 1/3 бөлүгү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына, калган бөлүгүн бизнести колдоого сартпоо зарыл болчу.

-Каражаттар жеп-ичкенге гана кетип жатат. Эл аралык Валюта фондунун 120 млн доллары 5 жылга карыз катары келди. Биз аны айлык, социалдык төлөмдөргө коротуп салдык. Экинчи 120 млн доллар бөлүгү он жылга келди. Аны да социалдык төлөмдөргө жөнөтүп жатабыз. Кирешелери толук камтылбаса, чыгашалары кыскартылышы керек. Сырттан келген каражаттарды «уурдап, жейм» деген бир да чиновникти көрө элекмин. Арасында бар сөзсүз түрдө… Мамлекетттик сатып алуулар болсо, ишкерлер менен чогуу сүйлөшүп алуунун негизинде ишке ашырылып жатат. Балким, ошондойлор да бардыр. Биздин система катуу иштеп жатат. Андайлардын баары сөзсүз капканга түшөт, — дейт Жапаров.

Эл өкүлүнүн баамында, пандемиядан кийин кризис 3 жылга чейин созулуп, экономиканын абалы оор болот. Ошондуктан өкмөт жыл соңуна чейин кыска (6 ай), орто (12 ай) жана узак (3 жыл) мөөнөттүү пландарды иштеп чыгышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM