Биз менен байланышыңыз

Кытайда бир суткада 22 адамдан коронавирус аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2020 | 498 | 0

Кытайда акыркы бир сутка ичинде 22 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымдады.

Ага ылайык, сутка ичинде вирус 22 адамдан аныкталса, 21 бейтап сакайып, ооруканадан чыккан. COVID-19 инфекциясы аныкталгандардын 16сы Синьцзян-Уйгур автономдук облусунан болсо, алтоо жергиликтүүлөрдөн табылган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 85 миң 314 адам вируска кабылса, 80 миң 18 бейтап оорудан сакайган, 4 миң 644 адам каза болгон.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө вирусту жуктургандар 14 миллиондон ашты. Анын 7,8 миллиону айыкса, 600 миңден ашыгы каза болгон.

Казакстанда коронавирустун 2 миңдей жаңы учуру катталды

Copyright © 2017 Maral FM