Казакстанда коронавирустун 2 миңдей жаңы учуру катталды

Казакстан бир сутка ичинде 1808 адам коронавируустук инфекциясы менен катталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди. Өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 68 703кө жетти. Айыгып чыккандардын жалпы саны 42 388 адамды түзүүдө. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө вирусту жуктургандар 14 миллиондон ашты. Анын 7,8 миллиону айыкса, 600 миңден ашыгы каза болгон.