Биз менен байланышыңыз

Бишкектин казысы Садридин Маджитовдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 13915 | 1

Бүгүн, 11-июлда бешим намазынан кийин маркум Садридин Маджитовдун сөөгү кичи мекени болгон Баткен облусунун Кадамжай районунун Өрүкзар айылында жерге берилди. Ал өзүнүн бир тууган абасы, дин аалымы жана мурдагы Азирети Муфтий Абдусаттар ажынын жанына коюлган. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Садридин Маджитовдун өмүр баяны

Садридин ажы Маджитов 1972-жылы 22-июнда Тажикстандын Яван районуна караштуу Кыргыз-Абад айылында төрөлгөн. 1989-жылы Баткен районуна караштуу Карабак айылындагы Орджаникидзе атындагы орто мектепти аяктаган.

Мектеп жылдарында өзүнүн абасы белгилүү аалым Абдисаттар ажыдан шарият илимин үйрөнгөн.

1989-1993-жылдары Өзбекистанга караштуу Фергана облусунун Кувасай районундагы Калача айылында устаз Молдо шакирден илим алган.

1991-жылы Молдо Абдусаттар ажыдан Фикх илими боюнча билимин тереңдетип, өздөштүргөн.

1993-жылдан 1996-жылга чейин Бишкектеги Азирети Умар Ислам Институтунда мударрис болуп эмгектенген.

1996-2000-жылдары Баткен облусунун Кадамжай районундагы Өрүкзар айылында медреседе сабак берген.

2000-2004-ж.ж. Пакистандын Кувейта шаарындагы “Абу Хурайра” атындагы Ислам Университетинде билимин тереңдетип, дүйнөлүк деңгээлдеги таанымал аалымдардан сабак алган.

2004-2007-жылдары кайрадан Бишкектеги “Азирети Умар” атындагы Ислам Университетинде мугалим болуп эмгектенген.

2008-2008-ж.ж. “Мухаммад Амин” медресесин түптөп, мүдүрлүк кызматын аркалаган.

2008-2014-ж.ж. Бишкектеги “Махмуд Кашкари” мечитинин имам хатиби болуп эмгектенген.

2012-2014-ж.ж. Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешин мүчөсү болгон.

2014-жылдын 20-мартынан азыркы учурга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалап келген.

Эне тили кыргыз тилинен башка араб, парси, урду, тажик, өзбек жана орус тилдеринде эркин сүйлөчү.

Артында уулу калды.

1 пикир

1 пикир

  1. Токтосун кудайдын куулу

    12.07.2020 14:19

    Жайы жанат болсун калган ага инилерине балачакасына саабыр берсин калган элдерибизди аалакым оозу колдосун откондорго жанат болсун элибиз Аман болсун

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM